Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жабиров: кыргыздын каада-салтын, маданиятын сериал аркылуу таанытышыбыз керек

© Фото / предоставлено Ырысбеком ЖабировымРежиссер, продюсер Ырысбек Жабиров
Режиссер, продюсер Ырысбек Жабиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссёр Ырысбек Жабиров Кыргызстанга 5-10 жыл ичинде сериалдардын доору келе турганын айтты
Жабиров: кыргыздын каада-салтын, маданиятын сериал аркылуу таанытышыбыз керек

Кыргыздын каада-салтын, маданиятын сериал аркылуу таанытышыбыз керек. Бул тууралуу Ырысбек Жабиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тапкан акчасы кино тартууга жетсе эле дароо тартуу процессине киришмек.

"Убагында Бразилия, Мексика сериалдары чыгып, элге кеңири жайылган. Андан соң Россия сериалдары көрсөтүлүп, аларды азыркы кезде 365 күн жумуш кылбай көрүп бүтө албайсың. Казактар жылына 75, өзбектер 50гө жакын сериалдарды тартып келишет. Ал эми бизде азырынча бул тармак анча өнүгө элек. Бир учурда корей сериалдары аркылуу алардын маданиятын сиңирип, кыздарбыз корей жигиттерин сүйүп башташкан. Андан соң түрк сериалдары жайылып, аны котормосу жок түшүнүп калышты. Бул деген күчтүү идеология. Биз да кыргыздын каада-салтын, маданиятын сериалдар аркылуу таанытып, жайылтсак жакшы болоор эле" — деди Жабиров.

Режиссёр тасма тарткан ал үчүн оору экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0