Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Откеев: биздин эл комедия жанрына жакын

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссёр Сүйүн Откеевдин архивдик сүрөтү
Режиссёр Сүйүн Откеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссёр Сүйүн Откеев жыл сайын Кыргызстанда 20-30 тасма тартылса, алардын бешөөсү гана өзүн-өзү актай турганын айтты
Откеев: биздин эл комедия жанрына жакын

Кыргызстандыктар комедия жанрына жакын экендигин Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү тарткан тасмалар кеткен чыгымын толук жабат.

"Кыргыз менталитетине негедир эң жакын жанр бул – комедия. Жашоодо элдин көйгөлөрү көп болгондуктанбы, айтор, эки саат болсо да күлүүнү каалашат. Драма жанрындагы тасмалар интернет айдыңында көп көрүлүп, ал эми комедия көрүү үчүн эл кинотеатрга барат", — деди Откеев.

Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлгөн тасмаларга орточо эсеп менен 30 миңдей киши барарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0