Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Актилек Гүлжигит кызы: телевидениеге чыгуу түшүмө да кирген эмес

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ала Тоо 24" каналында атайын кабарчы жана алып баруучу болуп иштеген Актилек Гүлжигит кызы
Ала Тоо 24 каналында атайын кабарчы жана алып баруучу болуп иштеген Актилек Гүлжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала Тоо 24" каналында атайын кабарчы жана алып баруучу болуп иштеген Актилек Гүлжигит кызы курбусунун арты менен телеге келип калганын айтты
Актилек Гүлжигит кызы: телевидениеге чыгуу түшүмө да кирген эмес

Телевидениеге чыгуу түшүмө да кирген эмес. Бул тууралуу Актилек Гүлжигит кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, келин болуп жүргөндө телени көрүүгө чамасы болгон эмес.

"Журналист болуу такыр оюмда жок болчу. Телевидениеге чыгуу түшүмө да кирген эмес. Мен котормочу же мугалим болууну кыялдангам. Бирок мектепти бүтө электе турмушка чыгып кеттим. Мугалим болом деп Баткен мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырдым. Биринчи курста окуп жатканда бир курбум турмушка чыгып жатканын айтып, анын ордуна жергиликтүү телеканалда бир ай иштеп туруумду суранды. Барсам, бир көрүп эле жактырып, алып калышкан", — деди Гүлжигит кызы.

Ал андан соң "Ош ТВ" телеканалында диктор болуп эки жылдай иштегендигин кошумчалады.

Актилек Гүлжигит кызы менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0