Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саркулов: бир инспектордун формасы 20 миң сомго айланды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов
ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов күн жылып калганда кызматкерлер атайын жилеттерди кийип кызмат кыларын айтты
Саркулов: бир инспектордун формасы 20 миң сомго айланды

Бир инспектордун формасы 20 миң сомго айланды. Бул тууралуу Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин байпагынан тарта баш кийимине чейинки формасы алмаштырылган.

"Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн атайын форма тигилген. Андагы сызыктар өтө чоң эмес. Анткени мындан чоң кыла турган болсок маскарапозго окшоп калчудай. Сырткы кийим кышкысын калың болгондуктан атайын жилет берилген жок. Бир кызматкердин формасы 20 миң сомду түздү", — деди Саркулов.

Ал күн жылып калганда кызматкерлер атайын жилеттерди кийип кызмат кыла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0