Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыгулов: өкмөткө барып иштегенден кийин айрым маселелерге көз карашым өзгөрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов президенттин сунушу менен кайрадан Улуттук банкка келгендигин айтты
Абдыгулов: өкмөткө барып иштегенден кийин айрым маселелерге көз карашым өзгөрдү

Өкмөткө барып иштегенден кийин айрым маселелерге көз карашым өзгөрдү. Бул тууралуу Толкунбек Абдыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыска убакыттын ичинде бир топ иштер жасалды.

"Өкмөткө барып иштегенден кийин айрым маселелерге көз карашым өзгөрдү. Анткени кээ бир жагдайлар Улуттук банктын жетекчиси катары караганда башкача көрүнчү. Мисалы, банктын төрагасы болуп турганда чоң долбоорлордун экономикалык пайдасын гана ойлочубуз. Ал эми өкмөткө барганда элге пайдасы тиеби, жашоосун өзгөртөбү деп ойлонуп эки тараптан карап калдым", — деди Абдыгулов.

Ал жетекчилердин алмашуусунан Улуттук банктын иши үзгүлтүккө учурабагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0