Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: максатка жетүү үчүн чын жүрөктөн каалоо керек

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков. Архив
Ыйман фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков ооздун учу менен айтылган максат ишке ашпай тургандыгын баса белгиледи
Кадырбеков: максатка жетүү үчүн чын жүрөктөн каалоо керек

Максатка жетүү үчүн чын жүрөктөн каалоо керек. Бул тууралуу "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каалоого жетүүдө биринчи маселе убакыт эмес.

"Эгерде адамда "Колумдан келбейт" деген ой бар болсо, ал денедеги бардык органдарга сигнал берип, дене да "Мунун колунан эч нерсе келбейт, жүрө берсин" деп коет. Эгер адам максатына жетүүнү жан дүйнөсү менен кааласа, ал сөзсүз жетет. Ал эми ооздун учу менен айтып койгон максат эч качан ишке ашпайт", — деди Кадырбеков.

Ал жумушту ушул мүнөткө чейин бүтүрөм деп план коюш керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0