Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошбаев: окуучуларды каникулга таратпасак келечегибиз жок калат

Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев окуучуларды таратпаса ооруп калышы мүмкүндүгүн айтты
Жолдошбаев: окуучуларды каникулга таратпасак келечегибиз жок калат

Мектеп окуучуларын бир аптага же 10 күнгө кышкы эс алууга таратуу керек. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

"30-40 градус деген эмне. Калчылдап, тоңуп жатышат. Оорулуу болуп калат. Келечегибиз жок калабыз. Тоолуу райондордо 10 күндөй каникул беришибиз керек. Андан кийин деле Чыңгыз Айтматовдор чыга берет", — деди Жолдошбаев.

Эл өкүлүнүн пикирин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов да колдоого алып, бир аптага каникул берүү керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0