Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кабатай кызы: Кыргызстанда кеп маданияты көзөмөлгө алынбай жатат

© Sputnik / Эламан КарымшаковАлып баруучу, диктор Айнура Кабатай кызы маек учурунда
Алып баруучу, диктор Айнура Кабатай кызы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алып баруучу болуу үчүн билим алуу шарт эмес экендигин, бирок профессионалдуу, мыкты журналист болууну каалагандар сөзсүз журналистика тармагында билим алыш керектигин Айнура Кабатай кызы айтты.
Кабатай кызы: Кыргызстанда кеп маданияты көзөмөлгө алынбай жатат

Бүгүнкү күндө кеп маданияты апаатка учурап, тилекке каршы, аны көзөмөлгө алган көркөм кеңештер жок. Бул тууралуу диктор Айнура Кабатай кызы Sputnik радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, журналист коомдун күзгүсү болгондуктан, алар адабий тилдин нормаларын сактап, туура сүйлөп элге үлгү болуусу керек.

"Советтер Союзу учурунда кеп маданиятын көзөмөлгө алган атайын көркөм кеңештер бар эле. Алар диалект сөздү колдонууга уруксат бермек түгүл, жаңылыктарды окуп баратып, басымды туура эмес коюп койгон журналисттерди жумуштан айдаган учурлар болгон. Азыркы кезде, тилекке каршы, бул нерселерге көңүл бурулбай келет", — деди Кабатай кызы.

Ал инсан үчүн ийгиликке жетүүдө туура сүйлөө чоң роль ойной турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0