Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: "Керээз" спектаклине эл көп келип, залда бош орун калбай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековДраматург Кайрат Иманалиев маек учрунда
Драматург Кайрат Иманалиев маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Драматург аталган спектакль 23-25-январда Токтоболот Абдымомунов атындагы театрда коюлгандыгын айтты
Иманалиев: "Керээз" спектаклине эл көп келип, залда бош орун калбай калды

"Керээз" спектаклине эл көп келип, залда бош орун калбай калды. Бул тууралуу драматург Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, театрда кызыктуу спектакль коюлса эл сөзсүз барат.

"Кыргыз эли байыртадан өнөргө жакын болгондуктан театрда кызыктуу темадагы спектакль коюлса эл барат. Мисалы, "Керээз" спектаклин койгонубузда, суукка карабай көп эл келди. Театр – канаттуу искусство. Эл театрдан алыстаган жок, тескерисинче, суусап турат" — деди Иманалиев.

Иманалиев спектакль коюлуп жаткан учурда көрүүчү театр маданиятын сактаса деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0