Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акималиев: элдин ден соолугу таза суу менен түзмө-түз байланышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба темасы боюнча серепчи Жамин Акималиев. Архив
Айыл чарба темасы боюнча серепчи Жамин Акималиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамин Акималиев арыктагы сууну кайнатып ичип алгандан микробдор өлбөй тургандыгын айтты
Акималиев: элдин ден соолугу таза суу менен түзмө-түз байланышкан

Элдин ден соолугу таза суу менен түзмө-түз байланышкан. Бул тууралуу айыл чарба темасы боюнча серепчи Жамин Акималиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы айылдардын жарымы булганыч сууну кайнатып ичип отурушат.

"Суу менен элдин ден соолугу түзмө-түз байланышкан. Мен айылдарда көп болгом. Ал жакта бир эле жерден адам да, мал да суу ичет. Мындан улам ар кандай оорулар пайда болуп, жаштар эрте эле оорукчан болууда. Таза суу көйгөйү бул өзү саясий маселе болуп калды. Анткени бул маселе эл тагдыры, мамлекеттин келечеги тууралуу болуп жатат", — деди Акималиев.

Эксперт аталган маселени чечүү каражатка барып такалгандыктан тышкы инвестицияларга Кыргызстан муктаж экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0