Дары ичпей эле туура тамактануу менен ооруну жеңип кетсе болот. Бул тууралуу дарыгер Гүлайым Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, суукта курамында белок менен углевод көп азыктарды жеш керек.
"Бардык ооруларга чалдыкканда дары-дары дей беребиз. Ошол дарыны ичсек эле айыгып кетчүдөй сезилет. Бирок дары ичпей туруп туура тамактануу менен ооруну жеңип кетсе болот. Туура тамактануу менен оорунун алдын алса болорун унутпаш керек", — деди Гүлайым Абдылдаева.
Ал дары ичкенде адамдын боору менен бөйрөгү жабыркай турганын кошумчалады.
Акматбековдун айтымында, 2020-жылдын аягында активдүү жүргүнчүлөрдүн арасында конкурс уюштурулуп, бир ай бекер жүрүү үчүн карта белекке берилген.
"Долбоор ишке киргенден бери бишкектиктер 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты. 42 миңден ашык кызыл карталар жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилди жана дээрлик 10 миңдей мектеп окуучулары жашыл карталарга ээ болду. Эми мектеп карталарын долбоордун сайтынан онлайн режимде алса болот. Ошондой эле биз жакында NFC технологиясынын жардамы менен төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Эми виртуалдык картаны Android смартфондору аркылуу алып, жүрүү акысын төлөй аласыз. Ал 31-январга чейин акысыз", — деди Акматбеков.
Адис былтыр Бишкекте 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө баштаганын эске салды.
Кесибим боюнча маркетологмун. Биринчи жеке ишимди баштаганда 21 жашта элем. Bugu Sweaters бренди менен бугунун сүрөтү түшүрүлгөн жемпирлерди сата баштагам. Алгач товарды сырттан келишим түзбөй эле акча жөнөтүп жиберип алданып калгам. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкекте балдар кийими эки дүкөндө сатылып, франшизасы Кара-Балта, Балыкчы шаарларында да бар.
"Кайсы гана бизнес өнөктөш болбосун сөзсүз түрдө ал адам менен көрүшүп, келишимдин негизинде иштөө керек. Биринчи иш баштаганымда чоң суммадагы акчага алдап кетишкен. Алгач товарга келишими жок эле буюртма берип, акчасын төлөгөм. Кийимдерди көп күткөнүбүз аз келгенсип, сапаты да начар болуп чыккан. Ошондон кийин аны Кыргызстанда тигүүгө өттүк. Башында кардарлар бизде өндүрүлгөн продукцияга анча ишеним артпай жатышты. Себеби өлкөбүздө сапатсыз эле кийимдер чыгарылат деп ойлошчу. Тажрыйбанын аздыгынан улам убакыт менен каражатты кетирдик, бирок акыры рынокто өз ордубузду таба алдык. Эң башкысы өз убагында ачып, кайра өзүм жаптым. Үч жыл иштеп, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейин экспорттодук. Ошентип 2020-жылдын башында бизнес-долбоорду сатып жибердим. Бул стартап мага көп билим, тажрыйба, күч-кубат берди. Эң негизгиси иштөөгө, чыдамкайлыкка, кулагандан кийин турууга үйрөндүм. Азыр беш жашка чейинки кичинекей бөбөктөрдүн кийимин өндүрүп жатабыз. Кездемеси Токмоктогу ишканада чыгарылат, фурнитуралары сырттан алып келинет", — деди Жолонбеков.
Ишкер ушул жылдын май айларында товарларын чет мамлекетке чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.