Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

Исаков: ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилигин өз мойнума алам

138
(жаңыланган 18:08 31.01.2018)
Өкмөт башчы тиешелүү адамдарды өзү жазалай тургандыгын айтты

Премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтеги авария боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алгандыгын парламенттеги жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, Исаков Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦинде болгон кырсык боюнча депутаттарга маалымат берип, суроолоруна жооп берүүдө.

"Адистер заматта эле авариянын себебин аныктай алган жок. ТЭЦте суу жетиштүү эле болчу. Датчиктер дагы бардыгы жакшы экенин көрсөтүп турган. Бирок суу эмнегедир жоголуп жатты… Насосто ылай пайда болгон. Мындан улам "жайында ремонт иштери жүрдү беле" деген суроо пайда болду. Насосторду тазалаганча буу казандардын агергаттары тоңо баштаган. Башка агрегатты иштеткенде дагы көйгөй жаралды", — деди Исаков.

Өкмөт башчы жоопкерчиликти мойнуна алууга даяр экенин белгилеп өттү.

"Көйгөйдүн баары каражатта. ТЭЦтин жетекчилиги каражат жетишпей жатканын билдирген болчу. Ири суммадагы карыз бар. Бирок бул нерсе жоопкерчиликти жеңилдетпейт. Мен баарын өз мойнума алам. Ошондуктан энергетикалык секторго кимди ишке алып, кимисин иштен бошотуу чечимин да өзүм кабыл алам", — деп премьер кошумчалады.

Жыйын түз алып берүүдөн көрсөтүлүп, жүрүшүн тексттик трансляция чагылдырууда.

138
Белгилер:
ТЭЦ, Сапар Исаков
Тема:
Бишкек ТЭЦтеги авария (84)
Тема боюнча
Депутат: Кыргызстандын энергетикасын мугалим менен тигүүчү башкарып жатат
Бишкек ТЭЦинде 200 кытай жараны иштейт. Алар эмне менен алектенет