Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрөбаев: фантастикалык программаларды жазууну токтотуп, жерге түшөлү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев реалдуу кадамдарга баруу керектигин айтты
Төрөбаев: фантастикалык программаларды жазууну токтотуп, жерге түшөлү

Фантастикалык программаларды жазууну токтотуп, жерге түшөлү. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы бир канча айыл дотацияга тушуккан.

"Салык кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы бир топ ири компаниялардын салык төлөмдөрү түшүп кетиптир. Ал эми 39 компания иштебей калганы маалым болду. Мындан сырткары, январь айында бир топ мамлекеттик кызматкерлер айлыгын албай калышканын кулагым чалды. Биз фантастикалык программаларды жазууну токтотуп, жерге түшүшүбүз керек", — деди Төрөбаев.

Эл өкүлдөрү реалдуу кадамдарга баруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0