Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүркулов: трансформация маселесин эртелетүү керек

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов өкмөт аталган маселени тездетпей жатканын айтты
Өмүркулов: трансформация маселесин эртелетүү керек

Трансформация маселесин эртелетүү керек экендигин Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аталган маселени чыдамсыздык менен күтүп жатат.

"Трансформация боюнча мыйзам кабыл алынган. Айыл өкмөттөр иштеп, бардык тизмелер такталган. Өкмөт тарабынан маселе ылдамдатылса жакшы болот эле. Канчалаган эл ушуну күтүп отурат. Жаз алды менен үй курам дегендер бар. Атайын тоскоолдуктар болуп жатабы деп ойлоп турам", — деди Өмүркулов.

Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү маселени тиешелүү тармакка жеткирүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0