Белгилүү диктор Айнура Кабатай Sputnik Кыргызстан студиясында

Кабатай кызы: диктордун дүйнө таанымы кенен болушу керек

(жаңыланган 18:10 05.02.2018)
Белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы алып баруучунун маданияты бийик болушу керектигин айтты
Кабатай кызы: диктордун дүйнө таанымы кенен болушу керек

Диктордун дүйнө таанымы кенен болушу керек. Бул тууралуу диктор Айнура Кабатай кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, диктордун жумушу оңой эмес.

"Албетте, диктордун үнү жагымдуу болуп, дүйнө таанымы кенен болушу керек. Айрым учурда редактор шашып ката кетирип алса, тексттин маанисин бузбай оңдоп, элге туура маалымат жеткирүү зарыл. Советтер союзу учурунда тележаатындагы абройлуу адистердин бири бекеринен телевидение – бул рентген деп айтпаса керек", — деди Кабатай кызы.

Ал билим албай эле диктор болгондор бар экендигин кошумчалады.

Белгилер:
диктор, Айнура Кабатай кызы
Тема боюнча
Кабатай кызы: Кыргызстанда кеп маданияты көзөмөлгө алынбай жатат
Актилек Гүлжигит кызы: телевидениеге чыгуу түшүмө да кирген эмес
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

(жаңыланган 11:44 20.04.2021)
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына Кыргызстан эки спорттун түрүнөн лизенция алуу ниетинде экендигин айтты.

Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.

"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.

Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.

Белгилер:
лицензия, Токио, паралимпиада
Тема боюнча
Бакиров: майып балдарды спортко тартууну колго алуу зарыл
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров. 24 марта 2021 года

Президент Садыр Жапаров Мария Айтматованын жакындарына көңүл айтты

(жаңыланган 20:07 20.04.2021)
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров маркумдун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деди Жапаров.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.