Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батыралиев: бейтаптарга орой мамиле кылган доктурларга чара көрүлөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистр здравоохранения КР Талантбек Батыралиев
Министр здравоохранения КР Талантбек Батыралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев дарыгердин бейтапка болгон мамилеси адамдык деңгээлине жараша болорун айтты
Батыралиев: бейтаптарга орой мамиле кылган доктурларга чара көрүлөт

Бейтаптарга орой мамиле кылган дарыгерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу Талант Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, доктурдун жоопкерчилиги ант берүү менен токтобойт.

"Адамдын ар кандай түрү бар эмеспи, ошол сыяктуу эле врачтар да ар кыл. Негизинен дарыгерлердин жоопкерчилиги ант берүү менен токтобойт. Анын оорулууларга болгон сүйүүсү, ички руханий дүйнөсү болушу керек. Тилекке каршы, бул талаптарга жооп бербей, бейтаптарга орой мамиле кылган врачтар бар. Бул боюнча да чараларды көрүшүбүз керек", — деди Батыралиев.

Ал дарыгердин бейтапка болгон мамилеси адамдык деңгээлине жараша болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0