Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саркулов: каражат аз болгондуктан "Кайгуул милициясы" максатына жетпеди

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов. Архив
ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов президенттин Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу ИИМде өзгөрүүлөр болгондугун айтты.
Саркулов: каражат аз болгондуктан "Кайгуул милициясы" максатына жетпеди

Каражат аз болгондуктан "Кайгуул милициясы" максатына жетпеди. Бул тууралуу Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, былтыркы жылдын 9-ноябрында Кайгуул милициясы жоюлуп, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түптөлгөн.

"Кайгуул милициясын түзүү боюнча реформа ишке ашпай калганы үчүн жоопкерчиликке тартуу маселесин мен айта албайм. Негизи тилектер жакшы болчу. Видеокамераларды орнотуп, машиналар менен гана текшерип жүрөбүз деген элек. Бирок керектүү каражат бөлүнбөй, камералар орнотулган жок. Ошентип максатка жетпей калдык", — деди Саркулов.

Ал президенттин Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу ИИМде өзгөрүүлөр болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0