Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыгулов: 2000 сомдуктар кайра басып чыгарылбайт

© Фото / пресс-служба НБКРУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов келечекте аталган купюранын баасы өсөрүн айтты
Абдыгулов: 2000 сомдуктар кайра басып чыгарылбайт

2000 сомдуктар кайра басып чыгарылбайт. Бул тууралуу Толкунбек Абдыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган купюра учурда кеңири колдонууга чыгарылган.

"2000 сомдуктар атайын чыгарылган банкнота. Өзүңүздөр билгендей быйыл сомубузга 25 жыл болот. Ошонун урматына чыгарылган. Азыр 2000 сомду баарыбыз эле колдонуп жатабыз. Бирок экинчи ирет басылбайт. Андыктан 2-3 жылдын ичинде колдон-колго өтүп отуруп эскирет. Эгерде жакшылап сактап койсо келечекте баалуулугу өсөт", — деди Абдыгулов.

Ал 2000 сомдуктар чектелүү гана экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0