Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үсөнакун уулу: мамлекеттик ипотека алчулардын өлкөдө турак жайы болбошу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мамлекеттик ипотека компаниясы" ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу. Архив
Мамлекеттик ипотека компаниясы ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мамлекеттик ипотека компаниясы" ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу жарандар документтерин жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тапшырса болорун айтты.
Үсөнакун уулу: мамлекеттик ипотека алчулардын өлкөдө турак жайы болбошу керек

Мамлекеттик ипотека ала тургандардын өлкөдө турак жайы болбошу керек. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотека компаниясы" ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ипотеканы 15 жылга алса болот.

"Мамлекеттик ипотека ала турган адамдын Кыргызстанда турак жайы болбошу керек. Мындан сырткары, акыркы үч жылда турак жайды сатуу же сатып алуу боюнча бүтүмдөрү болбошу зарыл. Анан, албетте, ипотеканы төлөө мүмкүнчүлүгү болгон адам насыя алууга укуктуу", — деди Үсөнакун уулу.

Ал жарандар документтерин жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тапшырса болорун кошумчалады.

Мамлекеттик ипотека алуунун жол-жоболорун иликтеп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0