Драматург Кайрат Иманалиев

Иманалиев: Козукеев тирүү болгондо "Керээз" спектакли мындан да жакшы коюлмак

57
(жаңыланган 18:51 07.02.2018)
Драматург Кайрат Иманалиев спектаклди Козукеев кандай алып чыкса, ошол бойдон өзгөртүү киргизбей элге сунушталганын айтты
Иманалиев: Козукеев тирүү болгондо "Керээз" спектакли мындан да жакшы коюлмак

Марат Козукеев тирүү болгондо "Керээз" спектакли мындан да жакшы коюлмак. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Марат Козукеев өтө изденген, жаңыча көз караш менен чыккан режиссёр катары таанылган.

"Анын актёрлук талантынан сырткары режиссёрлук өнөрү менен да бир топ спектаклди чет жерге чогуу коюп келип жүргөнбүз. Менин бир байкаганым, Козукеев ушул "Керээз" спектаклине башкача көз карашта болчу. Тирүү болсо мындан да жакшы коюлмак беле деп ойлойм. Себеби "көрөсүз, сонун спектакль болот" дей берчү. Анын дагы бир өзгөчөлүгү — чабыштарды көрсөтүүдө элди кырылыштырбай, мисалы, көлдүн толкуну менен берип койчу", — деди Иманалиев.

Драматург "Керээз" спектаклин Козукеев кандай алып чыкса, ошол бойдон өзгөртүү киргизбей элге сунулганын кошумчалады.

Кайрат Иманалиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

57
Белгилер:
спектакль, Кайрат Иманалиев
Тема боюнча
Кайрат Иманалиев: "Керээз" спектаклинин азыркы жетекчилер сабак алчу жери көп
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов. Архив

Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө

34
(жаңыланган 12:37 13.06.2021)
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов орто мектепти бүтүргөн окуучулардын 10-15 пайызы чет жакка иштөөгө аттанарын айтты.

Ата-энелердин көпчүлүгү эле балдарынын жогорку билим алуусуна умтулат. Эгер юрист же экономист тууганы болсо, өз перзентин да ошол кесипти аркалоого үндөшөт. Ошол эле учурда баланын кызыгуусун көп деле эске ала беришпейт. Бул тууралуу Бектур Ибрагимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө

Анын айтымында, эмгек миграциясына чыгардан мурда кесиптик окууларды бүтүрүп алуу маданиятын жайылтуу зарыл.

"Өлкөдө соңку жылдары кесиптик билим берүү бир аз колго алына баштады. Ошого карабай балдарынын жогорку билим алуусуна тырышкан ата-энелер көп. Алар бүтүрүүчүнүн ой-кыялдарына көп учурда көңүл деле бурушпайт. Жыйынтыгында бала окууну аягына чыгарбай таштап коет же башка факультеттерге которулуп кетет. Ошондуктан башынан эле бала менен сүйлөшүп, тескерисинче, аны кайсы бир кесиптин ээси болуп алууга үндөө керек. Өзгөчө азыр көп талап кылынган фермер, тигүүчү, ширетүүчү, крановщик, ашпозчу, куруучу жана башка ушул сыяктуу. Бул кесиптер чет мамлекетке чыкса да жумуш таап кетишине көмөкчү боло алат. Андан кийин эгер баланын каалоосу болсо, жогорку билим алса болот", — деди Ибрагимов.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

34
Белгилер:
Бектур Ибрагимов, кеңеш, тандоо, кесип, бүтүрүүчү
Тема боюнча
Мурзаев: адам максатты туура кое билсе өнүгөт
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив

Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду

33
(жаңыланган 12:31 13.06.2021)
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров Кыргызстандан балык эң көп көлөмдө ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатыларын айтты.

Кыргызстандын климаты балык өндүрүүгө абдан ыңгайлуу келгендиктен бул багытта соңку жылдары жакшы өзгөрүүлөр бар. Атап айтсак, акыркы 17 жылдын ичинде эле өндүрүштүн көлөмү 50 тоннандан 5 140 тоннага жетти. Башкача айтканда, 100 пайыздан көбүрөк өлчөмгө өстү. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду

Анын айтымында, өлкөдө көбүнесе кубулма (радужная форель — ред.) форель балыктары өстүрүлөт.

"2020-жылы Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 3 158 тонна балык экспорттоду. Басымдуу бөлүгү Россия жана Казакстанга кетти. Ошондой эле 400 килограммды Араб Эмирлигине жибердик. Бизде көбүнесе кубулма балыгы өстүрүлгөндүктөн, алардын ар бир даанасынын наркы 300 сомдон кем болбойт. Ошондуктан былтыр жалпы суммасы 11 миллион 278 миң 571 долларга балык саттык. ЕАЭБ өлкөлөрүнө мындан да көп көлөмдө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар", — деди Алиаскаров.

Ал Литвага да көп эмес көлөмдө Кыргызстандан балык чыгарылып турарын кошумчалады.

33
Белгилер:
экспорт, Евразиялык экономикалык биримдик, балык, Маил Алиаскаров
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө
Акча санап жаткан кассир. Архив

Төрт айда Кыргызстандан сыртка которулган каражат рекорддук чекке жетти

0
(жаңыланган 09:36 14.06.2021)
Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь-апрель айларында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма рекорддук чекке жеткен.

Төмөндө ар башка жылдардын төрт айындагы маалыматтар келтирилди (суммасы 120 миллион доллардан ашкан жылдардагы маалыматтар гана көрсөтүлдү):

2020 — 132,3 миллион;

2019 — 163,3 миллион;

2018 — 151,4 миллион;

2014 — 134,2 миллион.

0
Белгилер:
чет өлкө, Акча которуулар, Кыргызстан
Тема боюнча
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү