Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султамбаев: күрөш боюнча Азия биринчилигине 700дөн ашуун спортчу келет

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев
Руководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, күрөш боюнча Азия биринчилиги 27-февралдан 4-мартка чейин өтөт.
Султанбаев: күрөш боюнча Азия биринчилигине 700дөн ашуун спортчу келет

Күрөш боюнча Азия биринчилигине 700дөн ашуун спортчу келет. Бул тууралуу Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган турнир Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот.

"Бүгүнкү күндө 38 мамлекеттин 20сы келебиз деп өз арызын берди. Бул 730 спортчу. Мындан сырткары, делегация мүчөлөрү, машыктыруучулар келет. Ошондуктан бул абдан чоң иш-чара. Буюрса өкмөт тарабынан уюштуруу тобун түзүп бергиле деп өтүндүк. Бир аптадан кийин жыйын болуп, маселе каралат", — деди Султанбаев.

Ал Кыргызстандык спортчулар аталган мелдешке кызуу даярданып жатканын кошумчалады.

Ал эми 9-фнвралда Түштүк Кореяда баштала турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан кеткен Тариэл Жаркымбаев тууралуу 6 факты да абдан кызык. https://sputnik.kg/sport/20180207/1037633407/tariehl-zharkymbaev-tuuraluu-6-fakty.html

Жаңылыктар түрмөгү
0