Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымалиев: быйыл бюджеттин тартыштыгы 20,2 миллиард сом болду

© Sputnik / Данияр СандыбаевКыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев
Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиев бул ички дүң продукцияга салыштырмалуу 3,8 пайыз экендигин айтты
Касымалиев: быйыл бюджеттин тартыштыгы 20,2 миллиард сом болду

Быйыл бюджеттин тартыштыгы 20,2 миллиард сом болду. Бул тууралуу министр Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бюджеттеги тартыштыкты азайтуу аракеттери көрүлөт.

"2018-жылкы бюджеттин киреше бөлүгү 140 миллиард 882 миллион сомду түздү. Ал эми чыгаша бөлүгү 161,1 миллиард сом. Ошентип бюджеттин тартыштыгы 20,2 миллиард сом, же болбосо ички дүң продукцияга салыштырмалуу 3,8 пайыз деп кабыл алынды. Бирок жылдагыдай эле бюджеттик тартыштыктын көрсөткүчүн азайтуу, тагыраагы 2,5 пайызга түшүрүү пландалууда", — деди Касымалиев.

Министр өткөн жылы да бюджеттик тартыштык кыскаргандыгын кошумчалады.

Касымалиев мындан сырткары бюджеттин тартыштыгы деген эмне экенин да түшүндүрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0