Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камилов: депкир менен сабалган баланын мээси чайкалып, акырек сөөктөрү жабыркаган

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов
Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов учурда бала аппараттын жардамы менен дем алып жатканын айтты.
Камилов: депкир менен сабалган баланын мээси чайкалып, акырек сөөктөрү жабыркаган

Депкир менен сабалган баланын мээси чайкалып, акырек сөөгү жабыркаган. Бул тууралуу Абдразак Камилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 8-февраль күнү баланын дем алуусу кескин начарлап кеткен.

"Ошол себептен учурда бала аппараттын жардамы менен дем алууда. Апасы сабаган 3 жаштагы Бексултан Авазов биздин бөлүмгө 3-февраль күнү кечки саат 22:49дар чамасында өтө оор абалда келип түшкөн. Жүрөгүнүн согушу начар болчу, шок абалында келген. Аппараттын жардамы менен жүрөгүнүн иштешин жандандырып алдык. Баланын баш мээси чайкалган, акырек сөөктөрү жабыркаган. Колу-бутунда көк тактар бар эле. Эки бөйрөгү да эзилип калган. Дем алуусу токтоп калууда. Баш мээси да жакшы иштебей жатат. Комага түшкөнүнө алты күн болду", — деди Камилов.

Ал ошондой эле баланын баш мээсин калыбына келтирүү үчүн невропатолог адистер тартылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0