Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатканда

Асангулова: изилдөөлөрдүн арты менен элечектин 13 түрү табылды

51
(жаңыланган 21:30 12.02.2018)
"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова ар аймактын өзүнүн элечеги болорун айтты
Асангулова: изилдөөлөрдүн арты менен элечектин 13 түрү табылды

Изилдөөлөрдүн арты менен элечектин 13 түрү табылды. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган элечектин түрлөрүн табууга айылда жашаган апалар жардам берген.

"Элечекти көбүрөөк адамдар оронсун деп аракет кылып жүрөбүз. Иштеп жаткан долбоорлорубуздун алкагында элечектин 13 түрү табылган. Учурда ошолорду кайра ороп, атайын видеого тарттык. Аталган видео үч тилде тартылды. Эми ошол видеолорду жайылтуу менен алекпиз", — деди Асангулова.

Ал элечекти ороо боюнча акысыз сабактар өтүлүп жатканын кошумчалады.

51
Белгилер:
элечек, Айдай Асангулова
Тема боюнча
Асангулова: кытай кездемесинен тигилген калпактын дүң баасы 60 гана сом турат
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова

Турсункулова: коомдун стресс гормону тууралуу кенен маалыматы жок

24
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова стресс гормонунун ден соолукка тийгизе турган зыяны тууралуу айтып берди.
Турсункулова: коомдун стресс гормону тууралуу кенен маалыматы жок

Кортизол же болбосо стресс гормону тууралуу биздин коомчулуктун жетишерлик маалыматы жок. Мындай пикирин Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, стресс гормонуна олуттуу көңүл бурбай жүрө берген учурда иммунитет түшүп кетет.

"Стресс гормону аты айтып тургандай эле адам стресске кабылган учурда пайда болот. Муну медицина тили менен кортизол деп атайбыз. Кортизол демейдеги жашоосунда таңкы алтыдан баштап пайда болуп, түнкү 22.00дөн тарта даражасы нөлгө чейин түшүп калат. Бул адам уктап жатканда стресс болбойт дегенди түшүндүрөт. Бирок кээ бир кишилер "түнү менен уктабай чыктым, ойлонуп чыктым" дешет. Азыр бардык адамдар, ал тургай медицина кызматкерлери да стресс абалда. Эгер адам уйкуга кетпей ар нерсени ойлонуп, элестетип, ыйлап отурса, тескерисинче, түн экенине карабай анда кортизол көбөйүп кетет. Кортизолдун көтөрүлүшү иммунитетти түшүрүп кооптуулук жаратат. Ал эми иммунитет түшкөн учурда адам алсыз болуп, ар кандай ооруларга туруштук бере албай калат эмеспи. Көңүл бурбай жүрө берсе өнөкөт стресстик абалга өтүшүп кетиши ыктымал. Тилекке каршы, бул гормон тууралуу биздин коомчулук көп биле бербейт, билүүгө дилгирленгендер деле аз", — деди Турсункулова.

Дарыгер өзүнүн иш тажрыйбасында ушул убакка чейин бир дагы адам стресс гормонун текшертүүгө же бул тууралуу маалымат алууга кайрылбаганын кошумчалады.

24
Белгилер:
гормон, стресс, иммунитет
Тема боюнча
Турсункулова: стресс иммунитетти түшүрөт, аны көтөрүүнүн жолу бар
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов

Романов: пробация кардарынын эркиндигин чектөө эрежелери бар

5
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов пробация кардары бир нече ишти аткарууга милдеттендирилерин айтты.
Романов: пробация кардарынын эркиндигин чектөө эрежелери бар

Пробация кардарынын эркиндигин чектөөдө негизги жети жана кошумча 10го чукул эреже бар. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сот жообуна тартылып пробация кардары болуп эсептелген адамдын эркиндиги кызматкерлердин көзөмөлүндө болот.

"Пробация кардарына аталган институт көмөк көрсөтүп эле тим болбостон бир топ милдеттерди да бекитет. Алардын негизгиси болуп пробация органдарынын уруксатысыз өлкөдөн чыкпоого, сот өкүмү чыккандан кийин 10 күн жашаган дареги боюнча пробация органына каттоого турууга, алардын белгилеген убактыларында барып турууга милдеттендирилет. Ошондой эле жашаган, иштеген же окуган дареги алмашса дароо билдирип, сот өкүм кылган милдеттерди өз убагында аткарып жана аны кабарлап туруусу шарт. Мындан сырткары, алкоголдук, психотроптук же баңгизаттарын колдонбоосу, эгер карамагына алган улгайган адам же жаш балдар болсо, аларды багуусу, сот тарабынан бекитилген убакыттан башка учурда көчөдө жүрбөөсү, кылмыш учурунда келтирилген чыгым соттун өкүмүндө көрсөтүлгөн болсо аны берилген мөөнөттө калыбына келтирүүсү керек", — деди Романов.

Ал мындай эрежелер жашы жете электерге да колдонуларын кошумчалады.

5
Белгилер:
чектөө, эркиндик, пробация, Руслан Романов
Тема боюнча
Романов: пробация кардары ээлеген кызматынан бошотулат
Кишинин температурасын текшерип жатышат. Архив

Окумуштуу: коронавирустан айыккандан кийин деле өпкө жакшы иштебей калат

14
(жаңыланган 15:42 05.07.2020)
Адистер вирус кайсы органдарды жабыркатарын кенен изилдөө менен анын кесепеттерин алдын алууга жардам берген препаратты даярдоону пландап жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан бир нече айдан кийин деле симптомдору кала бериши мүмкүн. Бул тууралуу Charite медициналык комплексинин жана Гарвард университетинин профессору Тобиас Курт айтып чыкканын "Известия" жазды.

Анын айтымында, алсырап, өпкөсү начар иштеп, дем алуусу бузулгандар көбөйөт. Бул вируска чейин ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жокторго дагы тиешелүү.

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

"Учурда дагы кайсы органдарды жабырката турганын изилдеп, бейтаптар менен иштешип жатабыз. Ошого жараша ооруну жеңгенден кийин анын кесепеттерин алдын алуу боюнча препаратты даярдоого болот", — деген профессор.

Буга чейин британиялык адистер вирустун кесепетинен кийин адамдын психологиясы бузуларын айтышкан.

14
Белгилер:
өпкө, оору, айыгуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы