Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турусбеков: окуучуларга жер титирегенде эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековБУУнун Балдар фондусунун жакырчылыктын тобокелдигин азайтуу боюнча бөлүмүнүн адиси Эсен Турусбеков
БУУнун Балдар фондусунун жакырчылыктын тобокелдигин азайтуу боюнча бөлүмүнүн адиси Эсен Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Балдар фондусунун жакырчылыктын тобокелдигин азайтуу боюнча бөлүмүнүн адиси Эсен Турусбеков аталган долбоорго 10 мектеп катышып жатканын айтты.
Турусбеков: окуучуларга жер титирегенде эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатабыз

Окуучуларга жер титирөө учурунда эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатабыз. Бул тууралуу Эсен Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адистер практикалык иштерге көп көңүл бурууда.

"Учурда мектептеги коопсуздук маселеси боюнча эки багытта иштеп жатабыз. Биринчиси — имараттын сейсмикалык туруктуулугуна көңүл бурулса, экинчиси — өзгөчө кырдаалдар учурундагы окуучулардын кыймыл-аракеттери. Тагыраагы жер титирөө, өрт учурунда окуучуларга эмне кылуу керектигин практика жүзүндө көрсөтүп жатабыз", — деди Турусбеков.

Ал аталган долбоордун алкагында өлкө боюнча 10 мектеп тандалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0