Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Икрамов: негизсиз сын айткандарды айыпка жыгуу сөз эркиндигин чектөө эмес

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов. Архив
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов ушак сөздөрдү таратууга чектөө коюш керек экендигин айтты
Икрамов: негизсиз сын айткандарды айыпка жыгуу сөз эркиндигин чектөө эмес

Негизсиз сын айткандарды айыпка жыгуу сөз эркиндигин чектөө эмес. Бул тууралуу Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, интернетте негизсиз сын пикир айткандарга 20 миң сом айып салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.

"Журналисттер сөздүн маңызын бурмалабай туура чыгарса жакшы болмок да. Бул жерде сөз эркиндигине чектөө болгон жок. Ушак, адамдын беделине шек келтирген маалыматтарды таратуу туура эмес. Факт менен жазыш керек. Мында жалган маалыматтарды тараткандар жоопко тартылсын деп жатат. Бул туура эле", — деди Икрамов.

Эл өкүлү мыйзам долбоору жоопкерчиликти күчөтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0