Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: жарандар интернетке пикирин эркин жазышы керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров интернет эркин мейкиндик экенин айтты
Бакиров: жарандар интернетке пикирин эркин жазышы керек

Жарандар интернетте пикирин эркин жазышы керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, интернетте негизсиз сын пикир айткандарга 20 миң сом айып салуу демилгеленүүдө.

"Негизи интернет массалык маалымат каражаттарына кирбейт. Андыктан интернеттеги ой-пикирлерге айып салуу туура эмес болуп калат. Менин жеке пикиримде интернет эркин мейкиндик, ал жакта жарандар ойлорун эркин жазат. Эгерде бир тараптуу каралоо болуп жатса аны мыйзам боюнча жазаласа болот", — деди Бакиров.

Депутат интернеттеги жоопкерчилик маселелесин тереңирээк иликтөө керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0