Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: буюрса 2019-жылы жаздан тарта Аксыга учак каттап калат

© Фото / предоставлено Алмазом ЭргешовымДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов "Кербен" аэропортун оңдоого 35-40 миллион сом керектелерин айтты
Эргешов: буюрса жаздан тарта Аксыга учак каттап калат

Буюрса 2019-жылы жаздан тарта Аксыга учак каттап калат. Бул тууралуу эл өкүлү Алмаз Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кербендеги аэропорт иштебегендигине 20 жыл болду.

"Ушул аралыкта асфальт күнгө күйүп, абалы начарлап кеткен. "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев аэропортту оңдоого 35-40 миллион сом кетерин, маселе апрель айында боло турчу акционердик коомдун жыйынында оң жагына чечилип, буюрса быйыл ремонт иштери жүрөрүн убадалады. Андыктан эң жакшы дегенде күздөн же кийинки жылдын жаз айларынан тарта Аксыга учак каттап калат деп турабыз", — деди Эргешов.

Депутат Аксыга учактын билет баасы 2500 сом болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0