Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамалдинов: Оштогу цемент заводу продукциясын кыргыздарга эки эсе кымбат сатууда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Зиядин Жамалдинов
Депутат Жогорку Кенеша Зиядин Жамалдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун айтымында, завод кошумча нарк салыгынан бошотулган.
Жамалдинов: Оштогу цемент заводу продукциясын кыргыздарга эки эсе кымбат сатууда

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Түштүк кыргыз цемент заводу өндүргөн продукциясын кыргыздарга эки эсе кымбат сатууда. Бул тууралуу Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, завод кошумча нарк салыгынан бошотулган.

"Түштүк кыргыз цемент заводу продукциясын Өзбекстанга 2 сом 70 тыйындан сатса, кыргызстандыктарга 5 сом 10 тыйындан сатып жатат. Мындай айырмачылык болбошу керек. Бул баа саясатына жергиликтүү тургундар өтө нааразы. Монополияга каршы чара көрүү агенттиги кайда карап отурат?" — деди Жамалдинов.

Ал аталган маселе боюнча өкмөт тез арада чара көрүүгө тийиш экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0