Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жунус уулу: карапайым калк үстөк пайызы төмөн насыяларга жетпей жатат

© Фото / пресс-служба ЖК"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу арзан насыяларды элге тең кылып бөлүп берүү керектигин айтты
Жунус уулу: карапайым калк үстөк пайызы төмөн насыяларга жетпей жатат

Карапайым калк үстөк пайызы төмөн насыяларга жетпей жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүүдө жарандардын насыя алуусуна жакшы шарттарды түзүү керек.

"Айылдагы жарандар суранып жатат. Үстөк пайызы арзан болгон насыяларды алуу үчүн 400чү, 500чү болуп кезекке турат экен. Карапайым калк арзан насыяларга жетпей жатабыз дейт. Айыл өкмөттөргө бирдей кылып, тең бөлүп берсе жакшы болмок. Кимдин банкта таанышы, тууганы болсо ошолор алып жатат дешүүдө", — деди Жунус уулу.

Эл өкүлү бул маселеге өкмөт жакшылап көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0