Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аликеев: өткөн жылы тоо кен компаниялары бюджетке 392 млн. сом төлөгөн

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев
Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев өнөр жай ишканалары 90 пайыз жергиликтүү тургундарды ишке алуусу керектигин айтты
Аликеев: өткөн жылы тоо кен компаниялары бюджетке 392 млн. сом төлөгөн

Кыргызстандагы тоо-кен компаниялары 2017-жылы бюджетке 392 миллион сом төлөшкөн. Бул тууралуу Сүйүнтбек Аликеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тоо-кен компаниялары жергиликтүү бийликке бир топ пайда алып келүүдө.

"Азыркы күндө лицензияны кармап тургандыгы үчүн компаниялар 2017-жылдын жыйынтыгында 392 миллион сом жергиликтүү бюджетке төлөп беришкен. Мисалы, "Альянс" алтын компаниясы Таластын Бек-Молдо айылына 170 миллион сом төлөгөн. Мындан сырткары, социалдык объектилерди куруп берген" – деди Аликеев.

Ал тоо-кен ишканалары жергиликтүү жаштарды окутуп, кийин жумушка аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0