Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султамбаев: күрөш боюнча Азия биринчилигине кирүү акысыз болбойт

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев
Руководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, билет 350 сомдон сатылат
Султамбаев: күрөш боюнча Азия биринчилигине кирүү акысыз болбойт

Күрөш боюнча Азия биринчилигине кирүү акысыз болбойт. Бул тууралуу Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт.

"Өзүңүздөр билгендей күрөштүн күйөрмандары бизде көп. Спорт ордобуз 2000 гана адамды киргизет. Мындан сырткары, уюштуруучулар, 700гө чукул спортчу келет. Анан келгендердин баарын батыра албайбыз да. Ушундан улам билет сатууга туура келүүдө", — деди Султамбаев.

Ал билет баасы 350 сом болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0