Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусабекова: керек болсо Гитлердин эн белгиси түшүрүлгөн калпактар сатылууда

© Фото / секретариат партии СДПККСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова калпак тууралуу мыйзамга алардын жасалгасы, формасы тууралуу да эрежелерди киргизүү керектигин айтты.
Мусабекова: керек болсо Гитлердин эн белгиси түшүрүлгөн калпактар сатылууда

Керек болсо Гитлердин эн белгиси түшүрүлгөн калпактар сатылууда. Бул тууралуу Жылдыз Мусабекова Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, калпакты импорттоого тыюу салуу мыйзамы чийки.

"Мындан бир канча жыл мурда мен ак калпактын кадырын көтөрүү максатында акция уюштургам. Анда "Асаба" гезитинде эмгектенген, катардагы журналист элем. Айымдардын мончодо калпактын үстүнө отуруп алганын көрүп зээним кейиген. Биздин аталарыбыз, агаларыбыз ардактап кийген ак калпактын үстүнө отуруп жуунууга келип жеттикпи деп, акция уюштургам. Тилекке каршы, ал кездеги бир да депутат, министр колдогон эмес. Кыргыздын жашоосунда калпактын орду бийик. Калпак эркектердин сыймыктуу баш кийими. Аталардын калпагын эмес, байпагын да аттап өтпөө керек деген тарбия менен тарбиялайт кыргыз баласын. Андыктан бул мыйзам керек. Бирок кесиптештеримдин сунуштап жаткан долбоору чийки болууда. Калпакты импорттоого эмес, ал жасалган материалдарга тыюу киргизиш керек", — деди Мусабекова.

Ал ошондой эле жалпы коомчулукту бул мыйзамды талкуулоого активдүү катышууга чакырды.

Эске сала кетсек, депутаттар Экмат Байпакбаев менен Бакирдин Субанбеков чет мамлекеттен импорттолгон ак калпактарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоор сунуштоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0