Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акаев: темир жол жетекчилиги ишкананы жеке менчигиндей эле иштетүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Жанар Акаев кыргыз темир жол ишканасы Өзбекстандын 137 миллион сом карызын кечип салгандыгын айтты
Акаев: темир жол жетекчилиги ишкананы жеке менчигиндей эле иштетүүдө

Темир жол жетекчилиги ишкананы жеке менчигиндей эле иштетүүдө. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, тендер аркылуу январда келчү 150 вагондун 40кы гана келди, алардын 10у талапка жооп бербейт.

"Тендерди казак фирмасы утуп алган. Келишим боюнча убагында вагондорду жеткирбегендиги үчүн фирма жалпы сумманын 0,01 пайызын айып катары төлөшү керек. Айыптын суммасы учурда миллиондорду чапчыды, бирок темир жол жетекчилиги ушул күнгө чейин ал акчаны талап кылбай жатат. Экинчи маселе — темир жол ишканасынын жетекчиси Ногойбаев өзбек тараптын Кыргызстанга болгон 137 миллион сом карызын кечип салды. Ошондой эле ишканага тиешелүү жерге Ногойбаевдин кызы мейманкана куруп алган", — деди Акаев.

Ал ошондой эле келтирген жүйөлөрүнө тиешелүү бардык документтер колунда бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0