Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зарнаева: сыйлык алгандан кийин гана тарткан тасмам өзүмө жага баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш режиссёр Салтанат Зарнаева. Архив
Жаш режиссёр Салтанат Зарнаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш режиссёр Салтанат Зарнаева Тегеран 34-жолу өткөн эл аралык фестивалда "Эң мыкты Азия фильми" сыйлыгына ээ болгон
Зарнаева: сыйлык алгандан кийин гана тарткан тасмам өзүмө жага баштады

Сыйлык алгандан кийин гана тарткан тасмам өзүмө жага баштады. Бул тууралуу Салтанат Зарнаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске салсак, Түркиянын Стамбул шаарында 4-жолу уюштурулган "Пайгамбарларга рахмат" аттуу эл аралык кино фестивалда кыргызстандык режиссерлор Аскар Нуракун уулу "Тасмага болгон сүйүү" эмгеги менен "Демөөрчүнүн атайын сыйлыгы", Мээрим Догдурбекова "Бакыт" тасмасы менен "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" татыды. Ал эми Салтанат Зарнаева "Үй" аттуу киносу менен 3-орунду ээлеген.

"34-жолу өткөн эл аралык кинофестивалдан "Эң мыкты Азия фильми" сыйлыгына ээ болуу мен үчүн чоң жетишкендик. Башында тарткан тасмам өзүмө жаккан эмес, качан гана сыйлык ала баштаганда жага баштады. Негизи ар бир эле адам өзү жасаган эмгекти жакшы көрүп, "мен баарынан жакшы жасайм" деш керек экен. Тегерандагы кинофестивалга фильм жибергенимди уюштуруучулар тарабынан кат келгенде гана эстедим", — деди Зарнаева.

Жаш режиссёр буга чейин Кыргызстандагы кинофестивалдардан сырткары эл аралык бир нече конкурстарга катышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0