Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: өткөн жылы 17 тонна алтын экспорттолгон

© Sputnik / Исмаил МамытовЗергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов 2017-жылы эң көп экспорттолгон продукция алтын жана күмүш болгондугун айтты
Акматов: өткөн жылы 17 тонна алтын экспорттолгон

Өткөн жылы 17 тонна алтын экспорттолгон. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык зергерлер деле дүйнөлүк баадан арзан эмес суммага алтынды сатып алышмак. Бирок алтын чет өлкөлүктөргө сатылган.

"Статистикалык маалыматтар боюнча 2017-жылы эң көп экспорттолгон продукция алтын жана күмүш болду. Алар башка мамлекеттерге чоң суммадагы каражатка сатылды. Бирок ошол эле учурда ата мекендик зергерлерге алтын менен күмүш калбай калган", — деди Акматов.

Ал 2017-жылы 19 тонна күмүш экспорттолгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0