Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманов: 25 миллион насыянын 7 миллиону жолдо калып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов. Архив
Жогорку Кеңештеги Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов долбоорго бөлүнгөн акчанын дээрлик жарымынын дайыны жок экенин айтты
Сулайманов: 25 миллион насыянын 7 миллиону жолдо калып жатат

25 миллион насыянын 7 миллиону талаага кетип жатат. Бул тууралуу Алтынбек Сулайманов парламенттик жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Работа обменных бюро в Мексике - Sputnik Кыргызстан
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу 50 млн. доллар насыя алат
Анын айтымында, бөлүнгөн каражат кайсы долбоорлорго жумшалып жаткандыгы белгисиз.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында "2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору 2-окууда каралып, кызуу талкуудан кийин колдоо тапты.

"Менин түшүнгөнүм боюнча грантты кошуп 25 миллион насыя алып жатабыз. Ал сумма 40 долбоорго бөлүнөт. 25 миллондун 17 миллиону элге жетсе, 7 миллиону сол чөнтөккө кетиши мүмкүн. Бул нерсе күмөн санатат. Жаш балдар үчүн бөлүп беребиз деп жатышат, ушул нерсени карап чыккыла!" — деди Сулайманов.

Депутат мындай башаламан иштерди токтотууну кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0