Газпром Кыргызстан ишканасынын директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров

Алдаяров: 100 үйдөн 90у газ коштурууну кааласа, ошол аймакка газ жеткиребиз

107
(жаңыланган 17:20 12.03.2018)
"Газпром Кыргызстан" ишканасынын директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров газ туташтырууда жарандарды жергиликтүү администрация аркылуу билдирме калтырууга чакырды
Алдаяров: 100 үйдөн 90у газ коштурууну кааласа, ошол аймакка газ жеткиребиз

100 үйдөн 90у газ коштурууну кааласа, ошол аймакка газ жеткиребиз. Бул тууралуу Арзымат Алдаяров Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошол аймактан газ киргизүүнү канчалык көп түтүн кааласа, газ жеткирүү ошончолук оңой болот. Жарандар ишкана орноткон газ куурунан үйүнө чейинки газ түтүкчөсүнө каражатты өздөрү төлөшөт.

"Эл чогулуп алып айыл өкмөткө же мэрияга билдирме таштаса, алар бизге жиберсе, ошол натыйжалуу болот. Анткени газ бөлүштүрүүчү атайын жабдуу белгилүү бир өлчөмдөгү газды бөлүштүрөт. Аз гана түтүн газ колдонууну каалап, биз ал жакка орнотуп койсок, бөлүнгөн газдын басымы күчтүүлүк кылып кетет", — деди Алдаяров.

Ал газ өткөрүүнү каалаган аймак калкына атайын насыялар бериле баштаганын кошумчалады.

107
Белгилер:
газ, Арзымат Алдаяров
Тема боюнча
Март айына карата газдын баасы бекиди
Арча-Бешиктин тургундары "Газпром" казган аңдарга нааразылыгын билдиришти
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

27
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо көлөм жагынан биримдикте атаандаштык жаратуу кыйын экендигин айтты.

Казакстан, Өзбекстан, Беларусь ЕАЭБ рыногуна ири көлөмдөгү продукция чыгарат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө.

"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү менен ЕАЭБ рыногунда атаандаштык жарата албайбыз. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экспорту арбын. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө. Биздеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн бири — органикалык, экологиялык таза азык-түлүк, биз ушуну менен алдыга чыксак болот. Бул багытта маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, дыйкандарды окутууга көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөлүк кардарлар аз көлөмдө сурабайт. Демек, таза азык-түлүктүн көлөмүнө басым жасоо зарыл. Ал үчүн бул тармактагы системаны өзгөртүү керек. Мисалы, жеке ишканаларды бириктирип, көлөмдү аныктай турган жолун караш керек. Ага байланыштуу "Органикалык аймак" деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Органикалык идеянын айланасында фермерлерди бириктирүүгө мүмкүн болду", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле адис туура жер иштетүү боюнча окутууларды уюштуруп, жакшы жыйынтыкка жетсе болорун кошумчалады.

27
Белгилер:
айыл чарба продукциясы, органика
Тема боюнча
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет
Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров

Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот

64
(жаңыланган 13:00 14.06.2021)
"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров борбор калаадан күнүнө 300 тонна тамак-аштын калдыгы чыга турганын белгиледи.

Бишкек шаарынын таштандысынан айына 30 миллион сом киреше тапса болот. Бул тууралуу Адил Назаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот

Анын айтымында, таштандыдан пайда табуу жолдору дүйнөдө эбак эле жолго салынган.

"Бишкек шаарынан күнүнө 300 тоннадан тамак-аш калдыгы чыгат. Өткөндө Кумтөргө барып келдим. Ал жакта бир тонна тамак-аш калдыгын кайра иштетип, эки суткада органикалык жер семирткич жасашат экен. Натыйжалуулугу жөнөкөй кыктан 3-4 эсе жогору болот. Учурда дүйнө жүзүндө органикалык жер-жемиш, жашылчаларга талап күч. Баасы дагы салыштырмалуу кыйла жогору. Өлкөдө кожогат (малина), кулпунай жакшы өсөт. Ыргытылган тамак-аш калдыктарын кайра иштетип, органикалык жер семирткич даярдалса, дыйкандардын пайдасы өсүп, экспортту көбөйтүүгө мүмкүндүк түзүлмөк. Андан тышкары, бул иш колго алынса полигондон метан чыгып күйбөй калат. Натыйжада экологияга тийгизген терс таасири азаят. Буга утурлай эле пластик, металл, кагазды иштетүү менен айына шаар бюджетине 30 миллион сомдой пайда келтирсе болот. Учурда мунун баарын ар кайсы компаниялар тоноп жатат", — деди Назаров.

Ал чырпыктарды, жалбырактарды полигонго таштабастан майдалап жерге табигый азык катары сээп койсо боло турганын кошумчалады.

64
Белгилер:
кайра иштетүү, полигон, таштанды
Тема боюнча
Бишкектин таштанды жайын рекультивациялоо иши кайра токтоп калды
Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш

Россиядагы көк бөрү турнирин Москва командасы утуп алды. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:46 14.06.2021)
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.

  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команда из Московской области  выигравшая международный турнир по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойноду.

Жарым финалда Подольск командасы "Атуул" (Кыргызстан) менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Ал эми финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутскинин улакчыларын 4:1 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болду.

Мындан тышкары, Москва командасынан Бообек Шекербек уулу турнирдин мыкты оюнчусу, Иркутскинин "Бойка" аттуу аргымагы мыкты ат наамына татыды.

Сыйлоо аземине Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышкан.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аталган турнирге катышуу үчүн 12 улакчыны Москвага жөнөткөн.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурган.

0
Белгилер:
турнир, мелдеш, Көк бөрү, Россия
Тема боюнча
Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт