Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупов: өкмөттөн бөлүнгөн 172 млн. сомго 4 лаборатория курдук

© Фото / Таабалдиев ТилекВетеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов. Архивное фото
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын сапаты начарлаганын айтты
Жусупов: өкмөттөн бөлүнгөн 172 млн. сомго 4 лаборатория курдук

Өткөн жылы өкмөттөн бөлүнгөн 172 миллион сомго эл аралык стандарттарга жооп берген төрт лаборатория курулду. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары, 12 лаборатория капиталдык ремонттон өткөн.

"Кыргызстанда сапаттуу продукцияларды чыгаруу үчүн мыкты лабораториялар керек. Бул багытта өткөн жылы өкмөттөн 172 миллион сом бөлүнүп, ага эл аралык стандарттарга жооп берген төрт лаборатория курууга жетиштик. Мындан сырткары, ар бир товарды кайра иштетип сатып, алардын сапатын жогорулатууга аракет кылышыбыз керек", — деди Жусупов.

Ал фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берип, дыйкандарга мамлекет шарт түзүп бериши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0