Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: өкмөттүн ЖМКларды каттоого алышы туура эмес

© Фото / пресс-служба фракции СДПКДепутат Рыскелди Момбеков
Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоону мурункудай эле калтыруу керек деген ойдо
Момбеков: өкмөттүн ЖМКларды каттоого алышы туура эмес

Өкмөттүн ЖМКларды каттоого алышы туура эмес. Бул тууралуу Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, ЖК "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, добуш берүүгө жөнөттү.

"Массалык маалымат каражаттарын каттоону өкмөткө өткөрүп берүү туура эмес. Анткени өкмөт оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын каттабай коет. Эмне үчүн Юстиция министрлиги бул ыйгарым укукту өкмөткө өткөрүп берүүдө? Ушул жерде бир мандем бар", — деди Момобеков.

Ал эми Юстиция министри эч кандай мандем жок экендигин айтып, мыйзам долбоорунда ЖМКларды каттоону жеңилдетүү каралгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0