Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бөрүбаев: алыш күрөшү боюнча 90дон ашык мамлекет федерация түздү

© Sputnik / Данияр СандыбаевАлыш күрөшүнүн ага машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев
Алыш күрөшүнүн ага машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыш күрөшүнүн ага машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев аталган күрөштүн пайда болгонуна 600 жыл толгондугун айтты
Бөрүбаев: алыш күрөшү боюнча 90дон ашык мамлекет федерация түздү

Алыш күрөшү боюнча 90дан ашык мамлекет федерация түзүп, машыгып келүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Кабыл Бөрүбаев маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алыш күрөшүн дүйнөлүк олимпиадага киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

"Азыркы кезде алыш күрөшү канатын кенен жайып, өнүгүү жолунда. Улуттук оюндар арасынан да алыш күрөшү дүйнөлүк аренага чыгып жатат. Учурда бул оюнга мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, колдоолор көрсөтүлүүдө. Дүйнөдө 90дон ашык мамлекетте алыш күрөшү боюнча федерациялар ачылып, машыгуулар жүрүп келет", — деди Бөрүбаев.

Машыктыруучу алдыда болчу Көчмөндөр оюндарында көп медаль топтоого аракет кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0