Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ахмедова: 40 миң тоннадан ашык жер семирткич топтолду

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист отдела химии министерства сельского хозяйства КР Махмида Ахмедова
Главный специалист отдела химии министерства сельского хозяйства КР Махмида Ахмедова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин химиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Махмида Ахмедова фермерлердин көпчүлүгү жер семирткичтерди туура эмес колдонуп келерин айтты
Ахмедова: 40 миң тоннадан ашык жер семирткич топтолду

Республикада 40 миң тоннадан ашык жер семирткич топтолду. Бул тууралуу Махмида Ахмедова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жер семирткичти колдонуудан мурда топуракты анализден өткөрүү керек.

"Республиканын минералдык жер семирткичтерге болгон эсептик керектөөсү 395 миң тоннаны түзөт. Анын ичинде азоттук жер семирткичтерге 221 миң тонна, фосфордук жер семирткичтерге 162 миң тонна жана калийлик жер семирткичтерге 12 миң тонна бөлүнөт. Бүгүнкү күндө республика боюнча 40 миң тоннадан ашык жер семирткич топтолду", — деди Ахмедова.

Адис азыркы кезде жер семирткичтердин бардык түрү жетиштүү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0