Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Суеркулов: жасаган жааларым чет өлкөдө жогору бааланат

© Sputnik / Максат Элебесов"Салбурун" федерациясынын жаа атуу боюнча машыктыруучусу Самат Суеркулов
Салбурун федерациясынын жаа атуу боюнча машыктыруучусу Самат Суеркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Салбурун" федерациясынын жаа атуу боюнча машыктыруучусу Самат Суеркулов жаанын күчү менен Осмон империясы эбегейсиз жерге ээ болгондугун айтты
Суеркулов: жасаган жааларым чет өлкөдө жогору бааланат

Машыктыруучу өзу жасаган жааларга чет өлкөдө кызыккандар көп экенин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаа жасоону учурда Европа өлкөлөрү жакшы өздөштүрүп жатат.

"Кызыккан нерсем бизнеске айланып бараткандай. Мен жасап жаткан жаалар чет мамлекеттерде миң доллардан башталып 15 миң долларга чейин сатылат экен. Себеби, колго жасалган жаалар өтө көп эмгекти талап кылат", — деди Суеркулов.

Ал жаа атуу оюнунун катышуучулары үчүн салмак жана көлөм жагынан чектөөнүн жогун бул оюндун өзгөчөлүгү катары эсептей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0