Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: туризмди өнүктүрүүдө Талас, Баткен облустары артта калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов учурда Кыргызстанда туризм өнүгүп бараткан сектор экенин айтты.
Жаманкулов: туризмди өнүктүрүүдө Талас, Баткен облустары артта калууда

Ал бул тармакта Талас, Баткен облустары башка аймактарга караганда бир топ артта калып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Биринчи орунда албетте Ысык-Көл облусу, бирок бул аймакта көйгөйлөр да жок эмес. Нарын аймагы да соңку жылдары активдүү баратат. Ош облусуна туристтердин кызыгуусу артууда. Жалал-Абаддын да көрсөткүчү орточо десек болот. Ал эми Баткен менен Талас облустары туризм тармагында артта калууда. Бул облустарда туристтик компаниялар, мейманканалар дээрлик жок", — деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле, аймактардагы туризмди өнүктүрүү үчүн, туристтик жайларга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0