Жөө туризм бирикмесинин аткаруучу директору Марат Данилов

Данилов: жөө туризм боюнча элүү жаңы маршрут түзүлдү

260
(жаңыланган 16:50 20.03.2018)
Жөө туризм бирикмесинин аткаруучу директору Марат Данилов чет элдиктерди көбүнчө жөө туризм кызыктыра турганын айтты

Чет элдик туристтер барган сайын ортомчусуз, түз саякаттоого өтүүдө. Мындай пикирин Марат Данилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай саякаттоо саякатчыга да, аларды тейлеген жергиликтүү тургундарга да пайдалуу.

"Аймактарга келген туристтердин саны өсүүдө. Өзгөчө жөө туризмге кызыккан саякатчылар жаңы маршруттарды каалашат. Ошондуктан биз былтыркы жайдан баштап элүүдөй жөө туризм маршруттарын түздүк. Алардын сүрөттөрү, тизмеси, түшүндүрмөлөрү менен 5 карта жарыкка чыкты", — деди Данилов.

Ал өлкө табияттын нукуралуулугун сактап калуу менен туризмди өнүктүрсө көп киреше табыларын кошумчалады.

260
Белгилер:
саякат, туризм, Марат Данилов
Тема боюнча
Жаманкулов: туризмди өнүктүрүүдө Талас, Баткен облустары артта калууда
Кыргызстандын кооздугу алаканга салгандай көрүнөт. Туристтер тарткан видео