Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: түрк өкмөтү тур компанияларынын чыгашасынын жарымын өз мойнуна алат

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов. Архив
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Түркияда туризм жааты системалашкандыгын билдирди
Жаманкулов: түрк өкмөтү тур компанияларынын чыгашасынын жарымын өз мойнуна алат

Түрк өкмөтү тур компанияларынын чыгашасынын жарымын өз мойнуна алат. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул кадамдын арты менен Түркияга барып эс алуу арзан болууда.

"Түркияда туризм жаатында системалык иш жүргүзүлүүдө. Мисалы, ал жакка барып бир апта эс алуу 700-800 доллар болсо, анын жарымы жол акыга кетет. 350 долларга жайгаштырып, бир апта тейлөө өтө кыйын. Ошондуктан өкмөт жардамга келет да, авиакомпания менен мейманкананын чыгымдарынын жарымын өз мойнуна алат. Ошентип туристтик компаниялар иштей берет", — деди Жаманкулов.

Ал туристтер дүкөндөрдөн ар кыл буюмдарды сатып алып, мамлекеттин экономикасына башка жактан салым кошоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0