Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: хирургдар бетке айтат, депутат болсоң калп айтууга туура келет экен

© SputnikОртопед Сабырбек Жумабеков. Архив
Ортопед Сабырбек Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ортопед Сабырбек Жумабеков өзүн саясатчы катары көрө албастыгын айтты
Жумабеков: хирургдар бетке айтат, депутат болсоң калп айтууга туура келет экен

Менден саясатчы чыкпайт, чыккан да эмес. Келечекте саясатка барайын деген оюм да жок. Мындай пикирин Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, депутат болуш үчүн калп айтканды билиш керек. Ал эми хирургдар чындыкты бетке айтышат.

"2008-жылы "Ак Жол" партиясынан депутат болуп шайлангам. Шайланып, жумушума келсем, кабылдамада мага нааразы болгон эл бетимди тытып коёюн деген. Ошондо акылыма келип, мен депутат болбойм деп өзүмө сөз бергем. Депутаттар ант берип жатканда мен арызымды таштап кетип калгам. Мунун айынан көпкө куугунтукта жүрдүм", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле медицинадагы көйгөйлөрдү чечүү максатында министр болуп, бирок министр эмес, дарыгер катары көбүрөөк пайда алып келерине көзү жеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0