Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбеталиева: Непалдай болуп калбаш үчүн массалык туризмге жол бербеш керек

© Sputnik / Исмаил Мамытов"Коомчулукка багытталган туризм" ассоциациясынын маркетинг боюнча адиси Айша Мамбеталиева
Коомчулукка багытталган туризм ассоциациясынын маркетинг боюнча адиси Айша Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коомчулукка багытталган туризм" ассоциациясынын маркетинг боюнча адиси Айша Мамбеталиева туризмди өнүктүрүүдө экологияга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Мамбеталиева: Непалдай болуп калбаш үчүн массалык туризмге жол бербеш керек

Непалдай болуп калбаш үчүн массалык туризмге жол бербеш керек. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан массалык туризмге ылайыксыз.

"Бизде ыңгайлуулугуна карап жайлоолордо контейнерлерди коюп жатышат. Биринчи кезекте өзүбүз табиятыбызды коргоого алсак. Келечекте Непалдагыдай таштанды тоолордун пайда болуусун каалабасак, азыртан анын камын көргөнүбүз жакшы", — деди Мамбеталиева.

Ал ошондой эле Түркия, Египет мамлекеттериндегидей массалык туризмге кызыкпай, Кыргызстан жеке туристтерди кабыл алууну өнүктүрүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0