Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманкулова: Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлардын абалы канааттандырарлык

© Sputnik / Табылды КадырбековСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш боюнча дарыгери Майрам Иманкулова
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш боюнча дарыгери Майрам Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш боюнча дарыгери Майрам Иманкулова шаардагы кафе, ресторандарды текшерүү иштери пландык негизде маал-маалы менен жүргүзүлүп тургандыгын айтты.
Иманкулова: Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлардын абалы канааттандырарлык

Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Майрам Иманкулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тамактануучу жайларда атаандаштык күч болгондуктан, тамак-аштын сапатын жакшыртууга ар бир ишкер кызыкдар.

"Биз пландык негизде гана кафе, ресторандардын тамак-аш боюнча тазалыгын текшеребиз. Каалаган учурда эле барып текшерүүгө ала албайбыз. Бирок барганда алгач эле тамак-аш кардарлардын ден соолугуна зыян келтирбейби, тиешелүү документтери барбы, аба түтүкчөлөрү жасалганбы, тамак-аштын сапаты кандай деген суроолорго жооп издейбиз", — деди дарыгер.

Ал ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын адистери кафе, ресторандардын ээлери менен тыгыз байланышта болуп, кызыктырган суроолоруна дайыма жооп берип турушарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0