Экономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев

Давлеталиев: тамактануучу жайларга чаптамалар дароо эле жабыштырылбайт

109
(жаңыланган 18:18 28.03.2018)
Экономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев чаптамаларына (стикер) карап тамактануучу жайдын ичине кирген көрүнүш Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылгандыгын белгиледи
Давлеталиев: тамактануучу жайларга чаптамалар дароо эле жабыштырылбайт

Тамактануучу жайларга чаптамалар дароо эле жабыштырылбайт. Бул тууралуу Бакыт Давлеталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер кафе, ресторандардын абалы начар болсо, аны ондоого бир айдай убакыт берилет.

"Тамактанууга келген жарандар отурган жерине, кафенин жасалгасына көнүл бурат. Ал эми ал жеп жаткан тамактар кандай шартта жасалгандыгына көп деле маани бере бербейт. Ошол себептен чаптамалар тамактануу жайынын ашканасынын деңгээлин көрсөтүп турат. 1-апрелден баштап Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү кафе, ресторандарды текшерүүгө алып, чаптамаларды жабыштыра баштайбыз. Эгер тамактануучу жер талаптарга жооп бербесе, бир айдай убакыт берилет. Дароо эле чаптамаларды кафенин сыртына жабыштырбайбыз", — деди Давлеталиев.

Ал мындай жол менен туристтер да коркпой тамактанып калышарын кошумчалады.

109
Белгилер:
тамактануучу жайлар, чаптама, тамак-аш
Тема боюнча
Азык-түлүк жүктөлгөн КРдин фуралары Россиядан артка кайтарылды
Экспортчулар менен импортчулардын Кыргызлэнд ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова

Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

161
(жаңыланган 11:56 22.09.2020)
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова этти экспорттоодо эң чоң көйгөй катары контрабанданы атады.
Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

Өлкөдө эттин кымбаттап жатышына доллардын өсүшү, контрабанда, тоютка болгон баанын жогорулашы өз таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Ленара Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, учурда ишкерлер Өзбекстанга эт эмес, майда жана ири мүйүздүү малдын өзүн экспорттоодо.

Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

"Өзбекстанга эт массалык түрдө экспортко чыгарылган жок. Аталган өлкө менен чек ара ачылып, мамилелер жакшыра баштагандан бери өлкөдөн майда жана ири мүйүздүү малды экспорттоо жолго коюла баштады. Булар жандуу булак деп аталып, улам ордуна келип турат. Ошентсе деле экспорт жаатында Кыргызстан эл аралык рынокто өз ордун толук кандуу ээлей элек. Анткени Пакистан, Араб өлкөлөрүнө эт башаламан сатылып келген. Ал эми Өзбекстанга чыгарылган кой боюнча экспорт 0,4 пайыз, ири мүйүздүү малды экспорттоо 0,3 пайызды түзөт. Бул өлкөдө экспорт дээрлик жок дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик органдар тиешелүү аналитиканы дурустап бере албай жатат. Анткени учурда эттин баасынын көтөрүлүшүнө доллардын кымбатташы, тоют баасынын өсүшү, алып сатуу менен алектенгендер себеп болууда", — деди Ниязбекова.

Ошондой эле ал мамлекеттик органдар мониторинг кылуу менен гана чектелип жатат деген пикирин кошумчалады.

161
Белгилер:
соода, Өзбекстан, экспорт, эт, Ленара Ниязалиева
Тема боюнча
Бийлик Кыргызстанда эттин кымбаттап кеткен себебин айтты
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев

Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

74
(жаңыланган 11:27 22.09.2020)
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев тарыхый эстеликтердин статусуна токтолду.
Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

Тарыхый эстеликтер тууралуу мыйзамда так көрсөтүлгөн. Кыргызстандын аймагынан жөнөкөй жаран болобу, кайсы бир ишкана же чет өлкөлүк инсан болобу, тарыхый эстелик таап алса, аны өз алдынча талкалоого, бузууга, ал тургай ордунан жылдырууга акысы жок. Бардык өлкө аймагынан табылган тарыхый эстеликтер ошол замат "кол тийбестикке" ээ болот. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тарыхый эстеликтер архитектуралык, монументалдык, искусстволук, жаратылыш тарабынан пайда болгон жана археологиялык болуп бөлүнөт. Булардын эң баалуусу — археологиялык табылгалар.

"Мыйзам боюнча республиканын кайсы гана аймагынан археологиялык эстелик табылбасын, ал мамлекеттик баалуулук катары эсептелип, зыян келтирүүгө тыюу салынган. Керек болсо жайгашкан ордунан да жылдырууга болбойт. Эгер бул эгин талаасы, курулуш түшө турган же башка бир турмуш-тиричиликке колдонулуучу аянт болсо, аны таап алган тарап Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тез арада билдирүү жибериши зарыл. Аны археологдор иликтеп, өз баасын берген соң гана ал аймакта андан ары кандайдыр бир аракеттерди жүргүзсө болор-болбосу аныкталат. Кээ бир тарыхый эстелик табылган жерге керек болсо бак отургузууга да тыюу салынат. Ал эми Алай районуна караштуу Терген-Таш аймагы боюнча айта турган болсок, алгач бул жер илимге 1985-жылы белгилүү болгон. 2000-жылдары да окумуштуулар барып, иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок тилекке каршы, толук аягына чыкпай токтоп калган. Демек бул жерди иликтенип жаткан тарыхый аймак десек болот. Мындай жерден көмүр казууга тыюу салынат. Азыр эми көмүр казуу иштери токтотулду. Иликтөө иштери жасалганда да алгач айыл өкмөтү, андан соң район, облустун деңгээлинде тиешелүү токтомдор чыгып, анан республикалык маанидеги тарыхый жай деп табылат. Тарыхый баалуу жай катары дүйнөлүк деңгээлде корголгон аймакка кирип калышы да мүмкүн", — деди Жолдошев.

Адис кыргызстандыктардан петроглиф же башка тарыхый эстеликтер табылган учурда дароо тиешелүү органдарга билдирип коюуну өтүндү.

Иштебеген Тарых музейинин айланасына тосмо эмне үчүн коюлган? Расмий жооп

Эскерте кетсек, мындан бир жума мурда Алай районуна караштуу Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көлдүн айланасындагы уникалдуу петроглифтер талкаланып, көмүр казуу иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй жергиликтүү бийлик казуу иштери убактылуу токтотулганын билдирген.

74
Белгилер:
тарыхый баалуулуктар, петроглиф
Тема боюнча
Алайда талкаланган петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты
Лаборатория кызматкерлери. Архив

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

0
(жаңыланган 21:13 22.09.2020)
Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет.

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор Кайсар Табынов учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

0
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты